Казак элинде зергерчилик өнөр

Зергерчилик өнөрү казак элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлейт.

26 Haziran 2021 10:50

 

Зергерчилик өнөр казак элинде муундан муунга өтүп келе жаткан маданий мурас. Учурда бул өнөр өнүгүп турган кези.

Зергерчилик салттуу кол өнөрчүлүктө асыл темирлерден кооз буюм жасоо кесипчилик багыты.

Зергерчиликтин иштөө ыкмасы толугу менен элдин жашоо шартына ылайыкталган да, өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Зергерлер өз алдынча устаканада узанып, кооз буюмдарды жасашкан.

Зергерчиликтин негизги материалдары асыл темирлер: алтын, күмүш, жез ж. б. болгон. Бирок, негизги материалы күмүш жана жез болуп эсептелет. Зергерчиликтин ыкмалары– жашытуу, эритүү, сыя төгүү, сиркелетүү, чапкылоо, көркөм куюу, тердөө, тогуз төбөлөө, кертүү, согуу, эшүү ж. б.

Баалуу таштарды, бермет-шуруларды темирдин бетине оюп түшүрүү, үстүнө чөгөрүү.

Алтын-күмүштүн буусуна кармоо, оюп-чиймелөө ж. б. жолдору кенен тараган.

Адатта асыл темирлердин бетине мүйүз, карга тырмак, кыял, бычак учу, бармак боочу ж. б. оюмдар түшүрүлгөн.

Кыз келиндердин желбирөөч, сөйкө желбирөөч, сөйкө, билерик, төөнөгүч, бой тумар ж. б. у. с. кооз буюмдарын күмүш жана жезден чоюлган ичке зымдар менен эшип, өрүп, бурап кооздошчу.

 

 

Anahtar Kelimeler: зергерчилик өнөр, казак эли,

Жаңылыктар