Казак киносунда шедеврлерди жараткан Шакен Айманов атындагы “Казакфильм” киностудиясы

 «Казакфильм» киностудиясы 1936-жылдан тарта Казакстандын маданиятында маанилүү орунга ээ.

09 Nisan 2022 18:37

Киностудия 1934-жылы “Алматы киностудиясы” болуп түзүлүп, 1936-жылы даректүү тасмалар тартыла баштаган.

1941-жылдын 15-ноябрында Алматы киностудиясына «Мосфильм», «Ленфильм» жана «Борбордук киностудия» кошулган.

Алматы киностудиясы, 1944-жылга чейин Советтер Союзундагы бардык көркөм тасмалардын  80 пайызын чыгарган. Согуш жылдарындагы өндүрүштүн абдан маанилүү бөлүгүн өз мойнуна алган.

1960-жылдын 9-январында студиянын аты «Казакфильм» киностудиясы болуп өзгөртүлгөн. 1984-жылы «Казакфильм» киностудиясына казак улуттук кинематографиясынын көрүнүктүү өкүлү Шакен Аймановдун ысымы ыйгарылган.

1991-жылдан 2016-жылдга чейин аталган киностудияда 136 толук метраждуу, 73 кыска метраждуу, 258 даректүү жана 67 анимациялык тасма тартылган.

2008-жылдан бери «Казакфильм» киностудиясынын 200дөн ашык чыгармасы дүйнөнүн 60 өлкөсүндө өткөн 220дан ашык фестивалга жана эл аралык конкурстарга катышкан.

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар