Казак тарыхында дөңгөлөктүү боз үй

Дөңгөлөктүү боз үй көчмөн турмушунда маанилүү орунду ээлейт.

13 Ağustos 2021 22:24

 

Боз үй-көчмөн элдердин уникалдуу турак жайы. Салттуу турмуштун символу. Анын казак коому үчүн өзгөчө орду бар.

XVIII кылымдын баш чендери Казак уруулары үчүн болуп көрбөгөндөй чоң бурулуш болгон. Бул жылдары Улуу талаада борбордук күч жок эле. Андыктан уруулар ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп, ар бир уруу күчтүү шериктеш издей баштаган. Натыйжада мурунку көч жолдору бузулуп, кадимки көчмөн турмуш өзгөргөн. Көчмөн турмуштун өзгөрүүсү боз үйгө таасирин тийгизген. Оңой жана тез тигип-чечкенге ылайыкташкан боз үй бара-бара дөңгөлөктүү платформанын үстүндө тигиле баштаган. Дөңгөлөктүү боз үй күтүлбөгөн жерден душмандын чабуулуна кабылган учурда тез качып кетүүгө шарт түзгөн.

Дөңгөлөктүү боз үйдүн түрлөрү казакстардан сырткары сактар, гундар жана монголордо да кездешет. Алсак, айтылуу Чыңгыз Хан да боз үйүн дөңгөлөктүү платформага тиккени тууралуу маалыматтар бар.

Anahtar Kelimeler: дөңгөлөктүү боз үй, Казакстан,

Жаңылыктар