Казак ырчысы Галамат Бейсекожа Түркияда клип тартты

Галамат Бейсекожа Түркиянын Кыркларэли облусунда «көкбөрү» аталыштагы ырына клип тартты

27 Aralık 2021 18:02

Галамат Бейсекожа «көкбөрү» ырына Кыркларелинин Лүлебургаз районунун Эвренсекиз шаарчасындагы  боз үйдө клип тартты. Клипте  актёр Фатих Оттоман роль алды.

Галамат Бейсекожа Түркияда клип тарттыруу чоң бакыт экенин айтып, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө пайда алып келе турган эң сонун клиптер жана кызыктуу долбоорлор ишке ашырылып жатканын сүйүнчүлөдү.

Фатих Оттоман  да мыкты долбоорлор ишке ашырылып жатканын ырастады.

Белгилей кетсек клип тартылган боз үй Бурак Тунчколго таандык. Аталган боз үй бир катар клиптерде жана көп бөлүмдүү тасмаларда колдонулуп келет.

Ал эми көкбөрү» ырына клип тартылып жаткан учурга эл өкүлү Селахаттин Минсолмаз жана Эвренсекиз шаарынын мэри Мустафа Налбант күбө болушту.

 

Anahtar Kelimeler: Галамат Бейсекожа, «көкбөрү»,

Жаңылыктар