Казакстан: өкмөт отставкага кетти

Казакстандын бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция өтүп, натыйжада Аскар Мамин жетектеген өкмөт отставкага кетти

05 Ocak 2022 10:44

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Тийиштүү жарлык 5-январда Акорданын сайтына жарыяланды.

Расмий маалыматка ылайык, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт.

Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Белгилей кетсек Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да болду.

5-январдан тарта Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышканы маалымдалган. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашкан.

2-январда Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургуну акимчиликтин алдына газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Автоунаалардын көбү газ менен жүргөн шаарда нааразылык акциясына чыккандар борбордук көчөлөрдүн бирин бөгөп, жол кыймылын токтотушкан. Алар суюлтулган газдын баасынын бир литрин 50 теңгеге чейин түшүрүүнү талап кылышкан.

Чогулгандардын айтымында, 31-декабрда калаада суюлтулган газдын баасы 100 теңге болсо, 1-январдан тарта 120 теңгеге көтөрүлгөн.

2-январда Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургуну акимчиликтин алдына газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Автоунаалардын көбү газ менен жүргөн шаарда нааразылык акциясына чыккандар борбордук көчөлөрдүн бирин бөгөп, жол кыймылын токтотушкан. Алар суюлтулган газдын баасынын бир литрин 50 теңгеге чейин түшүрүүнү талап кылышкан.

Жекшембиде  нааразылык акциясына чыгып жаткан жаңы-өзөндүктөрдү Актау шаарынын миңдеген тургуну да колдоп, митингге чыгышкан. Акцияга коңшулаш облустардын, анын ичинде Актөбө, Орал, Чымкент шаарларынын тургундары да келген. Көп өтпөй нааразылык акциялары бир нече шаарга жайылган. 

Жаңылыктар