Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан президент Касым Жоомарт Токаведин тапшырмасы менен Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт.

07 Mayıs 2021 12:35

Казакстан Республикасынын президенти Касым Жоомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали Казакстан кыргызстандыктарга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берерин билдирди.

Маалымат катчы эки элдин мурдатан келе жаткан достугун, бир туугандыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн эске салган.

"Кыргызстан менен мурдатан келе жаткан достук, союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк бар. Президент Касым-Жомарт Токаев бир тууган кыргыз элине казак элинин атынан жардам көрсөтүүнү чечти. Кошуна өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт", — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдан кийин Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Казакстан, гуманитардык жардам,

Жаңылыктар