Казакстан менен Кыргызстан чек арада соода борборун курат

Казакстан жана Кыргызстан чек арада "Ала-Тоо" соода борборун курууну максаттоодо.

27 Temmuz 2021 16:20

Кыргыз Республикасынын  Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоковдун Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрабаев менен жолугушуусу болду.

Бишкек шаарында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн чек арасында пайдаланууга берилиши пландалган Ала-Тоо соода борборун түзүү процесси талкууланды. Тараптар процессти тездетүүнү макулдашты.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстан Кыргызстанга машина куруу, металлургия, тамак-аш, курулуш жана химия өнүмдөрүн экспорттоону көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылдын алгачкы 5 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,2 пайызга өсүп, 328,7 миллион долларды түзгөн.

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Кыргызстан,

Жаңылыктар