Казакстан пирамидасы: Тынчтык жана ынтымак сарайы

Тынчтык жана келишим сарайы Нур-Султан шаарындагы көрүнүктүү жайлардын бири

07 Ağustos 2021 22:22

Тынчтык жана ынтымак сарайын 2006-жылы ачылган. Имарат жалпы биримдикти билдирген Пирамида түрүндө курулган.

Автору британиялык белгилүү архитектор Норман Фостер.

Тынчтык жана келишим сарайын курууга ар улуттун өкүлдөрү катышкан.

Сарай Казак эли аянтында орун алган.

Сарайды сыртынан караганда пирамиданы элестетет. Андыктан эл арасында «Казакстан пирамидасы» деген ат менен белгилүү.

Имараттын бийиктиги 77 метр. Ал эми жалпы аянты 25,5 миң чарчы метр.

Тынчтык жана келишим сарайында Казакстан элдеринин ассамблеясы, Этностор аралык жана диндер аралык ынтымак борбору, музей, 1300 кишилик опера залы, конференция залы, көргөзмө аянттары жана кышкы бакча орун алган.

Сарайдын опера залында ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Ал эми музейде диний китептер, килемдер жана баалуу буюмдар көргөзмөгө коюлган. Ошондой өлкөдө жашаган 130дан ашуун этностун улуттук кийимдерин көрүүгө болот.

Эл аралык Түрк академиясынын кеңсеси, музейи жана китепканасы да дал ушул сарайда жайгашкан.

Эл арасында «пирамида» деп аталып кеткен Тынчтык жана келишим сарайы Астана шаарындагы эң көрүнүктүү жайлардын бири. Чет элдик жана жергиликтүү туристтердин көңүл чордонундагы бирден-бир имарат.

Anahtar Kelimeler: Тынчтык жана ынтымак сарайы, Казакстан,

Жаңылыктар