Казакстан Республикасынын Түркиядагы элчилигинде Абай Кунанбаев, Жамбыл Жабаев жана Фараби акынды эскерүү иш-чарасы өттү

ТРТ Аваз каналынын координатору Седат Сагыркая медаль менен сыйланды.

22 Şubat 2021 20:02

Жыйынды Эл аралык түрк академиясы, Казакстандын Түркиядагы элчилиги жана Евразия жазуучулар союзу уюштурган.Улуу талаанын алп акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгынын урматына жана Тонюкук жылы алкагында мыкты берүүлөрдү даярдап, эфирге алып чыккан ТРТ Аваз каналы сыйлыкка татыды. ТРТ Аваз каналынын координатору Седат Сагыркая медаль менен сыйланды. Ошондой эле Сагыркаяга Казакстан Республикасынын президенти Касым Жоомарт Токаев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Раимкулованын ыраазычылык каты тапшырылды.

Жаңылыктар