Казакстан: Шайлоочулар Конституцияны өзгөртүүгө макул болду

Казакстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү референдумда шайлоочулардын 77,18 пайызы колдоду

06 Haziran 2022 11:46

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. 

Ага ылайык "Республикалык референдумга коюлган маселенин оң жагына чечилиши үчүн шайлоочулардын 77,18 пайызы добуш берди. Бул 6 миллион 163 миң 863 адам".

Маалымат катары айта кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын январындагы төңкөрүш аракети өлкөнү эртерээк саясий модернизациялоо зарылдыгын тастыктаганын, ага байланыштуу бийлик негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү референдумга алып чыгаарын билдирген.

Казакстандын Конституциясындагы 98 берененин 33үнө баш-аягы 56 өзгөртүү жана толуктоо киргизилип жатат.

Баш мыйзамды өзгөртүүдө президенттик башкаруу формасынан таасирдүү парламенти жана отчет бере турган өкмөтү бар президенттик республикага толугу менен өтүү камтылган.

Конституциялык реформа бийлик бутактарынын тең салмактуулугун күчөтүп, маслахаттын субъективдүүлүгүн жогорулатуу каралган.

Мындан тышкары, президенттин бийликте турган мезгилинде саясий партияларга мүчө болуусуна тыюу салуу камтылган.

Ушундай эле талаптар БШКнын төрагаларына жана мүчөлөрүнө, эсептөө комиссиясына, облус башчыларына жана алардын орун басарларына да коюлат.

Түзөтүүлөрдө президенттин жакын туугандарына мамлекеттик түзүмдөрдө жетекчилик кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салуу Белгиленген.

Айрым түзөтүүлөр жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоого, анын ичинде конституциялык сотту түзүүгө, акыйкатчынын статусун конституциялык деңгээлде бекемдөөгө  багытталган.

Жаңыланган Конституциядан өлкөнүн биринчи президентинин статусуна, ыйгарым укуктарына жана артыкчылыктарына шилтемелерди алып салуу да каралган.

Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет.

Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат.

Жаңылыктар