Казакстан-Түркия ымаласы

Казакстан менен Түркия ортосундагы кызматташтык барган сайын өнүгүүдө.

17 Aralık 2021 21:49

Казакстан Республикасы эгемендүүлүгүн 1991-жылдын 16-декабрында жарыялаган. 

Казакстан Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 21-апрелинде түзүлгөн.

Түркия Республикасы Казакстан Республикасынын көзкарандысыздыгын биринчи болуп тааныган. 1992-жылы  Алматы шаарында ТРнын Элчилиги ачылып, Түркия Республикасынын Казакстан Республикасындагы алгачкы элчиси Аргун Өзпай, 1992-жылдын 21-апрелинде президентке  ишеним граматосын тапшырган.

Эки өлкө ортосунда "Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө протокол", "визасыз режим келишими" түзүлгөн. 

Советтер Союзу ыдырагандан кийин Байконур космодрому дүйнөдө биринчи жолу Түркиянын премьер-министринин визити үчүн ачылган.

Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, Казакстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, дин, өз ара урматтоо жана саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө тыгыз кызматташтыкты кеңейтүү каалоосунда өнүгүп келе жатат. Эки тараптуу кызматташтыктын принциптери эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринен жана улуттук кызыкчылыктардан, ошондой эле теңдик жана достук мамилелерден келип чыгат.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Түркия,

Жаңылыктар