Казакстан жогорку кирешелүү уран продукцияларын өндүрүүгө кызыктар

Казакстан Республикасынын Энергетика министри Нурлан Ногаев табигый уранды өндүрүү менен гана чектелбестен жогорку кирешелүү уран продукцияларын өндүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

16 Mart 2021 16:30

Казакстанда премьер-министр Аскар Маминдин төрагалыгы алдында Министрлер Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүнө Казакстан Республикасынын Энергетика министри Нурлан Ногаев уран өндүрүү тармагындагы жасалып жаткан иштер боюнча баяндама жасады.

Министрдин маалыматына караганда Казакстандын аймагында 1997-жылдары жылына 796 тонна уран өндүрүлүп келген болсо, азыркы учурда 19,5 миң тонна уран өндүрүлүүдө. Казакстан 2009-жылдан бери уран өндүрүү боюнча дүйнөдөгү лидер.

Учурда Казакстан табигый уранды өндүрүү менен гана чектелбестен, жогорку кирешелүү уран продукцияларын өндүрүүгө кызыктар.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, уран, Казакстан Республикасынын Энергетика министри Нурлан Ногаев,

Жаңылыктар