2020

Казакстанда 2020-жылы ымыркайлар көп төрөлгөн

Өткөн жылы Казакстанда 425 600 ымыркай жарык дүйнөгө келип, акыркы 33 жылдагы рекорд жаңыланды.

23 Şubat 2021 15:49

Казакстанда 2020-жылы төрөлгөн ымыркайлардын саны көбөйгөн. Бул туралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда 2020-жылы Казакстанда 425 600 ымыркай төрөлгөн.  Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 5,6 пайызга көп.
Бул көрсөткүч кезектеги антирекорд болуп калды. Казакстанда буга чейинки рекорддук көрсөткүч 1987-жылы катталып, ал жылы 417 миң бала төрөлгөн.

2020-жылы ымыркайлардын 58,4 пайызы шаарда, 41,6 пайызы айыл жергесинде жарык  дүйнөгө келген.

Жаңылыктар