13 Mart 2021 16:46
Казакстанда аскердик учак кулады. Алматы аэропорту тараткан маалыматка караганда Нур-Султан-Алматы багыты боюнча бара жаткан Ан-26 үлгүсүндөгү учак менен байланыш жергиликтүү саат менен 17:20да үзүлгөн. Казакстандын Улуттук чалгындоо комитетинин Чек ара кызматына таандык учак авариялык абалда конуу учурунда кулап түшкөн.
Учакта 6 киши болгон. Алардын ичинен 4 киши көз жумду. Жарадар болгон 2 киши ооруканага жеткирилди.
Алматы облустук Өзгөчө кырдаалдар департаменти кырсыктын себептерин иликтөө үчүн аймакка атайын топ жөнөтүлгөнүн жарыялады.
Anahtar Kelimeler: Казакстан, учак кырсыгы, Алматы,