Казакстанда айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге сатууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирет

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев Президенттин Администрациясына айыл чарба багытындагы жерлерди чет өлкөлүктөргө сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

25 Şubat 2021 13:57

2019-жылы Казакстанда консультативдик-кеңешчи орган катары түзүлгөн Улуттук коомдук ишеним кеңешинин 5-жыйыны Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Токаев Казакстанга таандык жерлер чет өлкөлүктөргө сатылып кетүүдө деген маалымат туура эмес экенин баса белгилеп, мындай ушак айыңдарга чекит коюуга убакыт келип жеткенин билдирди.

Токаев, Казакстанга таандык жерлер мамлекеттик символу экенин баса белгилеп, Президенттин Администрациясына айыл чарба багытындагы жерлерди чет өлкөлүктөргө сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

«Эл үчүн жер өтө манилүү. Мындан мурда да жерибиз чет өлкөлүктөргө сатылбаарын айткам. Бул жаатта конкреттүү чечим кабыл алдым. Өлкөдөгү айыл чарба багытындагы жерлер чет элдиктерге сатылбайт жана ижарага берилбейт»,- деди Токаев.

Белгилей кетсек 2016-жылы Казакстанда «жер сатылбайт» деп аталган нааразылык акциялары өткөн. Ага удаа эле айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге ижарага берүүгө мораторий киргизилген.

Жаңылыктар