Казакстанда бүгүн Улуттук аза күтүү күнү

Казакстандын бир катар региондорунда орун алган акыркы окуяларга байланыштуу казак президенти Касым-Жоомарт Токаев 10-январды Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоону чечкен. Бүгүн өлкө боюнча мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

10 Ocak 2022 12:41

Бүгүн, 10-январь Казакстанда улуттук аза күтүү күнү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Мындан улам Ак Ордо сарайы менен катар бардык мамлекеттик мекемелерде жана өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө Мамлекеттик Туу ылдый түшүрүлдү.

Телеканалдардагы жана радиоберүүлөрдөгү көңүл ачуучу программалар алынып салды.

Түркиянын Казакстандагы элчилиги казак элине тилектештигин билдирип, ордо калаа Нур-Султандагы элчиликтин имаратындагы желегин ылдый түшүрдү. 

Ал арада Казакстандын баш муфтийи Наурызбай Хажы Таганулы борбор калаадагы Азирети Султан мечитинде өлкөдөгү акыркы окуяларда шейит болгон коопсуздук күчтөрү жана жарандар үчүн хатим дубасын окуду.

Казакстандагы кырдаал

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланган.

 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар