Казакстанда бүркүт менен аңчылык кылуу муундан муунга өтүп келет

12 жашар Ерасыл Серикбекулу аң уулоо өнөрүн атасынан өткөрүп алууга даярдык көрүүдө.

27 Mart 2021 00:35

Казакстандын ордо калаасы Нур-Султан шаарынан 30 чакырым алыстагы Софиевка айылынын тургуну Ерасыл Серикбекулу 8 жашынан бери атасынын жанынан чыкпай, аң уулоо өнөрүнүн сырларын үйрөнүп келет. 12 жашар Ерасыл мектептен кийинки бардык убактысын бүркүт салуу өнөрүнүн ыкмаларын үйрөнүүгө жумшайт.

Ерасылдын айтымында бүркүт менен аңчылык кылууну үйрөнүүнүн бир канча этабы бар.  Алсак,  жаш балдар дароо эле бүркүт менен аң улоого чыкпайт. Алгач көлөмү жагынан бүркүттөн кичирээк куштарды салып үйрөнүү зарыл.

Ерасыл учурда кулаалы менен машыгат. Бүгүнкү күнгө чейин ал коен жана көгүчкөндөргө куш салган. Кулаалысына өзү тамак берип, өзү үйрөтөт. Куш Ерасылды үнүнөн тааныйт. Бул аң улоо учурунда өтө манилүү.

Ерасыл келечекте мыкты мүнүшкөр болуп, бүркүт салуу салтын сактап калгысы келет.

Бүркүт жана шумкар менен аңчылык кылуу казак элинин салты болуп калган. Бул айбанаттарды үйрөтүп, аларды элге кызмат кылдыруу үчүн, алардын мүнөзүн, мүмкүнчүлүгүн билүү керек.

Anahtar Kelimeler: бүркүт менен аңчылык кылуу, Казакстан, Ерасыл Серикбекулу,

Жаңылыктар