Казакстанда кармалган төрт кыргыз жараны бошотулду

Казакстандын Алматы шаарында башаламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык абактан бошотулду

16 Ocak 2022 12:58

Алматы шаарында башаламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык 15-январда абактан бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар көп жылдан бери ошол жакта иштеп жүргөнүн айтып, Казакстандын аймагында каларын билдиришти.

Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло аттуу кыргыз жарандарын казак абагынан бошотуу боюнча Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгү жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) катышты.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз жарандары, Казакстан,

Жаңылыктар