qazvak

Казакстанда улуттук «QazVak» вакцинасы менен эмдөө башталды

Казакстандын Саламаттык сактоо министри Алексей Цой коронавируска каршы «QazVak» вакцинасы менен биринчи болуп эмделди.

13 Mayıs 2021 23:40

Казакстанда "QazVak" вакцинасы менен эмдөө башталды. Аталган вакцина менен биринчи болуп Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой  эмделди. Нур-Султан шаарындагы No 9-поликлиникада Алексей Цойго «QazVak» вакцинасынын 1-дозасы сайылды.

Министр эмделгенденден кийин берген маалыматында өзүн жакшы сезип турганын билдирди.

Министрдин маалыматына караганда Казакстандын Биологиялык Коопсуздук Изилдөө Институту тарабынан иштелип чыккан ата-мекендик «QazVak» вакцинасы биринчи этапта 50 миң доза өндүрүлүп, аймактарга таратылды. Учурда дагы көбүрөөк вакцина өндүрүү үчүн бир катар ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алардын катарында Түркиялык өнөктөштөр да бар.

Цой баса белгилегендей Казакстан Ковид-19га каршы өзүнүн вакцинасын иштеп чыккан дүйнөдөгү 5 мамлекеттин бири болуп калды.

Белгилей кетсек Казакстан вакцина натыйжалуу экенин билдирген.  

«QazVak» вакцинасын коргоо үчүн атайын муздаткычтын кереги жок.

Ал эки доза менен сайылат. 1-дозаны алган жарандар 21 күндөн кийин 2-дозасын алышат.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, "QazVak" вакцинасы, Ковид-19,

Жаңылыктар