Казакстанда Юнус Эмренин ыр жыйнагы жарык көрдү.

Нур-Султан шаарында "Юнус Эмреден тандалмалар" китебинин бет ачары болуп өттү.

11 Mart 2022 22:10

"Юнус Эмре жана түрк тили жылынын" алкагында, белгилүү акындын ыр жыйнагы казак тилинде жарык көрдү, "Юнус Эмреден тандалмалар" китебинин бер ачары Нур-Султан шаарындагы Улуттук академиялык китепканада өттү.

Юнус Эмренин ырларын казак тилине 19 жаш акын которгон.

Адабий иш-чарага, Түркиянын Казакстандагы элчиси Уфук Экижи, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Икрам Адырбеков, Казакстан жазуучулар бирикмесинин Нур-Султандагы кеңсесинин директору Даулеткерей Капул, Журтташтар фондунун төрага орун басары Магауя Сарбасов, түрколог Шакир Ибраев, проф. докт. Болат Корганбеков, академиктер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломаттар жана студенттер катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Түркиянын Казакстандагы элчиси Уфук Экижи, быйыл, Түркия менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болгонун белгилеп,  Юус Эмренин ырларын дал ушур учурда казакстандык адабият сүйүүчүлөргө таныштыруу абдан манилүү экендигин баса белгиледи. Өз кезегинде Юнус Эмренин ырларын казак тилине которгон 19 акынга ыраазычылык билдирди.

Китепте Юнус акындын 72 ыры казак тилине которулган. Юнус Эмренин жөнөкөй, бирок терең мааниге ээ ырларын түп нускасына жараша которууга өзгөчө көңүл бурулган.

Китеп 1000 нуска жарык көргөн. Эмгекти китепканаларга жана университеттерге таратуу пландалууда.

 

Anahtar Kelimeler: Юнус Эмре, казак тили,

Жаңылыктар