Казакстанда жаңы өкмөт бекиди

Казакстанда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү бекиди. Мухтар Тилеуберди бир эле убакта вице-премьер-министр жана тышкы иштер министринин милдеттерин аткарат. Мурат Бектанов Коргоо министрлигине, Ерлан Тургумбаев Ички иштер министрлигине кайрадан дайындалды.

11 Ocak 2022 17:10

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер-министр Алихан Исмаиловдун жетекчилиги астында өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул туралуу Акорда билдирди.

Казакстандын вице-премьер-министри болуп Роман Скляр жана Ерали Тугканов дайындалды.

Мухтар Тилеуберди бир эле убакта вице-премьер-министр жана тышкы иштер министринин милдеттерин аткарат.

Бакыт Султанов бир эле мезгилде вице-премьер-министр жана соода жана интеграция министри кызматын улантат.

Мурат Бектанов Коргоо министрлигине, Ерлан Тургумбаев Ички иштер министрлигине кайрадан дайындалды.

Улуттук экономика министрине Алибек Куантиров, Энергетика министрлигине Болат Акчулаков, маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрине Аскар Умаров, Юстиция министрлигине Канат Мусин, Саламаттыкты сактоо министрлигине Ажар Гиният, Өнөр жайды жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине Кайырбек Үскенбаев, Маданият жана спорт министрлигине Даурен Абаев дайындалды.

Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана космостук өнөр жай министри Багдат Мусин, каржы министри Ерулан Жамаубаев, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекесев, эмгек жана социалдык коргоо министри Серик Шапкенов, айыл чарба министри Ербол Карашүкеев жана, Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин кызматын уланта турган болушту.

Эске сала кетсек Казакстандын мурунку биринчи вице-премьер-министр Алихан Смаилов өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп шайланган.

Ага чейинки өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдого байланыштуу кызматтан алынып,  Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан.


 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар