Казакстандагы Бурабай эс алуу борборуна келген туристтердин саны барган сайын артууда

Казакстандын түндүк-батышында жайгашкан Бурабай улуттук паркы кооздугу менен эс алуучулардын көңүлүн бурат.

04 Şubat 2022 19:05

Бурабай улуттук паркы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынан 250 чакырым алыстыкта, Акмола облусунун Бурабай районунда жайгашкан. Сейил бак СССР доорунан бери санаторийлери жана жаратылышынын кооздугу менен туристтердин көңүлүн буруп келет.

Көкшетау тоосу, Бурабай көлү жана карагайлуу токойлордун мекени Бурабайды «Казакстандын Швейцариясы» деп аташат.

Бурабай көлүнүн чок ортосунда жайгашкан Жумбакташ дөңсөөсү туристтердин көңүлүн бурат. Дөңсөө бир жагынан караганда, саамай чачы шамаалга сеңселген жаш кызды элестетсе; экинчи жагынан алып караганда карыган кемпирди элестетет.

Токой карагайларга жана кайың дарактарга бай.  Өсүмдүктөрдүн миңден ашуун түрү бар. Анда бугу, коён, түлкү сымал жаныбарлар жашайт.

Ботай маданиятын танууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн

Бурабайдагы Ботай Бурабай музейи туристтер көп барган жайлардын бири. Белгилүү болгондой ботайлар биздин заманга чейинки 3700-жылдары жылкыны колго үйрөткөн алгачкы коомчулук болгон.

Ботай Бурабай музейи салттуу 7 чатырдан турат. Музейде археологиялык казууларда табылган жылкы жана түрдүү жаныбарлардын сөөктөрү, аңчылык куралдары сымал Ботай маданиятынын калдыктары көргөзмөгө коюлган.

Бурабай лыжа борбору

Быйыл ачылган Бурабай лыжа борбору заманбап инфраструктурасы менен өзгөчөлөнүп турат.  Борбор, спортчуларга олимпиада оюндарына даярдануга шарт түзөт.

Бурабайдын таза абасы дем алуу органдары жабыркаган бейтаптарга өзгөчө жагат. Дарыгерлер, карагайлардан чыккан айрым заттар зыяндуу бактерияларды өлтүрөт деп эсептешет да Бурабайдын токоюнда сейилдөө адамдын ден-соолугуна оң таасирин тийгизерин айтышат.

Аймакта дарылык касиети бар минералдык суулар жана дары баткактар бар.

Бурабайда 45 санаторий орун алган. Андан сырткары көптөгөн мейманканалар жайгашкан. Жыл сайын  Бурабайга жүз миңдеген турист келет.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Бурабай,

Жаңылыктар