Казакстандагы Чарын капчыгайы

30 миллион жыл мурда пайда болгон Чарын капчыгайы.

03 Temmuz 2021 20:20

Чарын капчыгайы, Чарын каньону - Чарын дарыясынын боюнда 154 км аралыкта жайгашкан табигый объект. Капчыгай Алматыдан 195 чакырымдай чыгыш тарапта жайгашкан. Капчыгайды бойлото шаркырап Чарын дарыясы агат.

Миллиондогон жыл аралыгында шамал жана суу Чарындын кызыл кум ташын айкелдеп, бүгүнкү фантастикалык фигураларын жараткан. Зоолордун кучагында калган, муз доорун башынан кечирген, нечендеген кылымды карыткан Чарын капчыгайы ачык асман алдындагы музейди элестетет.

Капчыгайдагы өсүмдүктөр жана жаныбарлар ар түрдүү. Мында келүүчүлөр жаратылышка аяр мамиле жасаганын байкоого болот.

Капчыгайдагы «сепилдер өрөөнү» деп аталган аймак өзүнчө керемет. Ал жакка баргандар жомоктогудай көрүнүшкө туш болушат.

Чарын капчыгайы улуттук парк  катары 1964-жылдан бери мамлекеттик маанидеги табигый эстелик катары корголуп келген. 2004-жылы парктын аймагы кеңейтилип, андагы баардык баалуулуктар мамлекеттик коргоого алынган.

Чарын капчыгай бүгүнкү күндө туристтер баймa-бай каттаган бирден-бир аймак.

 

Anahtar Kelimeler: Чарын капчыгайы, Казакстан,

Жаңылыктар