Казакстандагы туризмдин жылдызы: Алакөл

Кооздугу менен суктандырган Алакөлгө туристтер байма-бай каттап турат.

18 Temmuz 2021 12:35

Алакөл - Чыгыш Казакстан аймагында жайгашкан керемет көл. Деңиз дэңгээлинен 347 метр бийиктикте жайгашкан. Жунгар Ала-Тоонун түндүк чыгышындагы туздуу көл минералдык туздары жана күкүрт ылайлары менен таанымал.

Көл үстү түркүн сонундарды элестетет. Көлдү куштардын 40тан ашык түрү байырлайт. Фламинголор, кызыл моюн өрдөктөр  алардын айрымдары.

Алакөл-мамлекеттик тарабынан коргоого алынган аймак. Алматы облусунун Алакөл жана Урчар аймактарын камтыйт. Аянты 20,7 миң гектар. Корук Тентек дарыясынын жана Алакөл аралынын уникалдуу ландшафтын коргоо, табигый өсүшүнө шарт түзүү, ошондой эле ал жактагы жаныбарларды коргоо максатында негизделген.

Алакөл учурда жергиликтүү жана чет элдик туристтер байма-бай каттаган жайлардын бири.

Anahtar Kelimeler: Алакөл, Казакстан,

Жаңылыктар