Казакстандагы улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгындагы желектер ылдый түшүрүлдү

Түрк мамлекеттер уюмунун Стамбулдагы катчылыгында илинип турган уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери ылдый түшүрүлдү.

10 Ocak 2022 13:35

Түрк мамлекеттер уюмунун Стамбулдагы катчылыгында илинип турган уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери ылдый түшүрүлдү.

Билдирүүдө, Казакстандагы Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялаганы эске алынып, катчылыктын имаратында илинип турган уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери ылдый түшүрүлгөнү айтылат.

"Түрк мамлекеттер уюму боордош Казакстандын эли жана бийлиги менен ар дайым тилектештикте иш алып барат.  Окуя учурунда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Өлкөдөгү кырдаал тез арада жөнгө салынаарын тилектешпиз" ,- деп айтылат билдирүүдө.

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлекеттер уюму, Казакстан,

Жаңылыктар