Казакстандагы жаратылышы кооз Чоң Алматы көлү

Чоң Алматы көлү тоолордун арасында деңиз деңгээлинен эки миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири. 

23 Temmuz 2021 20:50

Чоң Алматы көлү деңиз деңгээлинен 2510 метр бийиктикте, Алматы шаарынан 15 чакырым түштүктө жайгашкан. Узундугу –1,6, туурасы -0,75 километрге созулуп, тереңдиги 30-40 метрге чейин жетет.

Көл суусунун эң жогорку деңгээли август айында катталса, минималдуу суу деңгээли февраль айында байкалат.

Чоң Алматы көлү «Иле Алатауы» улуттук паркынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Теңир-Тоонун койнундагы башка көлдөр сымал жер титирөөдөн кийин пайда болгон.

Көлдүн түштүк тарабын үч негизги чоку курчайт. Алар; түштүкчыгышта «Кеңеш» чокусу (4317 м), «Көл» чокусу (4110 м)  жана түштүкбатышта «турист» чокусу (3954 м).

Чоң Алматы көлү дүйнөдөгү эң кооз көлдөрдүн катарын толуктайт. Көлдөгү суу улам кубулуп, көк, жашыл түстө болот.

Чоң Алматы көлү таза абасы, жашыл ыраңы жана кереметтүү бийик тоолору менен жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурат.

Anahtar Kelimeler: Чоң Алматы көлү, Казакстан,

Жаңылыктар