Казакстандык диджей Иманбек Зейкенов «Грэмми» сыйлыгын алды

İmanbek каймана аты менен таанымал 20 жаштагы казакстандык диджей Иманбек Зейкенов жыл ичиндеги мыкты ремикси үчүн "Грэмми" сыйлыгын алды.

15 Mart 2021 18:39

63-жолку «Грэмми» сыйлыгын тапшыруу салтанаты АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү. Пандемияга байланыштуу аземге көрөрмандар киргизилген жок.

«Эң мыкты ремикс» номинациясында Казакстандык 20 жаштагы диджей Иманбек Зейкенов жыл ичиндеги мыкты ремикси үчүн «Грэмми» сыйлыгын алды.

Ал сыйлыкты америкалык рэпер SAINt JHN Roses композициясынын ремикси үчүн алды.

«Эң мыкты ремикс жазуу» номинациясына Иманбек менен катар Морган Пейж, Луи Вега, РАС жана Хайвайр жарышкан.

Иманбек престиждүү «Грэмми» сыйлыгын жеңип алган алгачкы казак болуп калды.

Зейкенов сыйлыкты жеңип алганына чексиз кубанычта экенин билдирип, ата-энесине терең ыраазычылык билдирди.

Зейкенов атактуу болгонго чейин темир жол станциясында жумушчу болуп иштеген

Зейкенов кесипкөй музыкант эмес, Казакстандагы темир жол колледжинде окуйт. Атактуу болгонго чейин Павлодар облусунда темир жолчу болуп иштеп, бош убагында музыкага кызыгып келген.

Ал жасаган ремикс YouTube хостингинде миллиондогон көрөрманга жагып, былтыр майда британ хит-параддарында биринчи болгон. Мындан соң Иманбек дүйнөлүк атактуу ырчылар менен кызматташа баштаган.

Жаш диджейдин талантын байкаган Россиянын үн жаздырган белгилүү компаниясы аны менен келишим түзгөн.

Зейкенов ага «Грэмми» сыйлыгын алып келген ремиксти 2 саат 20 мүнөттө эле жазып бүтүргөн.

Жыйырма жаштагы ырчы 17 жашынан бери ремикс жазуу менен алек.

Anahtar Kelimeler: Иманбек Зейкенов, «Грэмми», «Эң мыкты ремикс», диджей,

Жаңылыктар