Казакстандык “Туран” фольклордук-этнографиялык ансамбли

“Туран” фольклордук-этнографиялык ансамбли — Казакстандагы белгилүү музыкалык коллектив

20 Mayıs 2022 14:18

 “Туран” фольклордук-этнографиялык ансамбли  14 жыл мурда уюшулган. Андан бери түрк дүйнөсүндө жана дүйнөнүн бир катар шаарларында өнөрлөрүн тартуулап, музыка сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды.

Казакстандын маданий борбору Алматыда чыгармачылык жолун уланткан топ 30дан ашык улуттук аспаптарды колдонуу менен элдик музыкаларды аткарат. Ансамбль домбра, кыл кыяк, сурнай, керней, жылаажын, сыбызгы, темир жана жыгач ооз комуз, аса таяк, зуулдак, дирилдек, добулбас, чоор, чопо чоор, доол жана башка элдик музыкалык аспаптардан турат.

“Туран” фольклордук-этнографиялык ансамблин 2008-жылы Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясында окуган 2-курсттун студенттери түзгөн. Жалпы 5 мүчөсү бар. Алардын ар бири кеминде 5 салттуу музыкалык аспапта ойной алат.

Аталган музыкалык топ, 28-майда Түркиянын Мерсин шаарында концерт тартуулайт.

«Казакстандын чет мамлекеттеги маданий брендине айландык»

“Туран” фольклордук-этнографиялык ансамблинин мүчөсү Серик Нурмолдаевдин айтымында, алгач топ түзүлгөндө концертке 10-20дай гана көрүүчү келчү. Талыкпаган эмгектин натыйжасында ансамблдин аброю улам жогорулап отуруп, азыркы учурда, Казакстандын чет мамлекеттеги маданий брендине айланды. Учурда алардын чыгармачылыгына күбө болуп, өнөрүн көрүүгө миңдеген көрүүчү келет. “Туран” фольклордук-этнографиялык ансамблинин күйөрмандары бир гана Казакстанда эмес, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде бар. Ал гана эмес комузчу Максат Медеубек чет өлкөлүктөргө онлайн сабак берип, комузда кол ойнотууну үйрөтүп келет. Комуз үйрөнгөндөрдүн катарында француздар, америкалыктар да бар. Алардын бардыгы “Туран” фольклордук-этнографиялык ансамблининин чет өлкөлөрдөгү концертине күбө болуп, улуттук аспаптарды жактырып, кийин, сабак ала баштаган.

«Бизди Түркияда «Эр Туран» деп билишет»

Нурмолдаев баса белгилегендей “Туран” фольклордук-этнографиялык ансамблинин Түркияда да жактыргандар көп. Топ, Түркияны экинчи ата-мекени деп эсептейт. Жылына бери дегенде 2 жолу Түркияга концерт койгону келишет.

“Туран” фольклордук-этнографиялык ансамбли Түркияда «Эр-Туран» тобу катары таанымал. Топтун репертуарындагы айрым музакылар, Түркияда тартылган көп бөлүмдүү тасмаларда, жарнамаларда жана көркөм тасмаларда кеңири колдонулат. Алсак көп бөлүмдүү «Дирилиш-Эртугрул» жана «Ысымсыздар» тасмаларында “Туран” фольклордук-этнографиялык ансамблинин репертуарындагы музыкалар колдонулган.

"Ийгиликтин 1 пайызын талантыбыз, калган 99 пайызы эмгектүзөт"

“Туран” фольклордук-этнографиялык ансамблинин дагы бир мүчөсү Бауржан Бекмуханбет баса белгилегендей, топ бүгүнкү күндө дүйнөлүк брендге айланды. Алар бул ийгиликке талыкпаган эмгектин аркасы менен жеткен. Топтун ар бир мүчөсү принципиалдуу иштейт. "Ийгилигибиздин 1 пайызын талантыбыз, калган 99 пайызы эмгек түзөт",-дейт Бауржан Бекмуханбет.

“Туран” фольклордук-этнографиялык ансамбли 14 жылда 3 альбом чыгарган. Репертуарынын 80 пайызы аларга таандык болсо, калган 20 пайызын элдик ырлар түзөт.

Жаңылыктар