Казакстандын эстелик монеталарындагы түрк баатырлары

Казакстан Республикасынын Улуттук Банкы эстелик үчүн чыгарган  монеталарда Чыңгыз хан, Абылай хан, Абулкайыр хан, Экинчи түрк каганатынын аскер башчысы Күлтегин ж.б. тарыхый инсандардын портреттери чагылдырылган.

16 Nisan 2021 23:56

Казакстан Республикасынын Улуттук Банкы эстелик үчүн жана мааракелерге арналган тыйындарды 1993-жылдан тарта чыгара баштаган. Эстелик монеталары көбүнесе тарыхый инсандарга арналган.

Казакстан Республикасынын Улуттук Банкы эстелик үчүн чыгарган  монеталарда Моңгол Империясынын негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң белгилүү тарыхый адамдарынын бири Чыңгыз хандын, казак элинин саясий жана мамлекеттик ишмери; Орто жүз казактарынын султаны, казак ханы Абылайдын, кол башчы жана  казак ханы Абулкайырдын, Экинчи түрк каганатынын аскер башчысы Күлтегиндин,  чыгыш философиясынын чоң өкүлдөрүнүн бири Аль-Фарабинин, Скифтердин ханышасы Томиристин жана Түрк мифологиясындагы көк жалдардын сүрөттөрү чагылдырылган.

Эстелик монеталарындагы ысымдар

2008-жылы 100 тенге номиналындагы тыйындар Чыңгыз ханга арналып чыгарылган. Тыйындар 13 миң нускада басылып чыккан.

Скифтердин ханышасы Томиристин элеси түшүрүлгөн 100 теңге номиналындагы күмүш монеталар 2011-жылы сатыкка чыккан.

Ал эми 2016-жылы бир тарабында Экинчи түрк каганатынын аскер башчысы Күлтегиндин сүрөтү, экинчи жагында Казакстандын герби түшүрүлгөн монета чыгарылган.

Тимур империясынын негиздөөчүсү Эмир Тимурга арналган монета 2015-жылы чыккан.

2017-жылы Абылай ханга арналып 100 жана 500 тенге номиналындагы монеталар басылган. Тыйындар 14 миң нускада басылып чыккан.

2016-жылы 500 тенге номиналындагы алтын жана күмүштөн жасалган тыйындар Абулкайыр ханга арналып чыгарылган.

2015-жылы улуу казак акыны Абайга арналып 500 жана 50 тенге номиналындагы монеталар пайдаланууга берилген.

Ал эми 2014-жылы басылып чыккан монетага белгилүү казак тарыхчысы Чокон Валихановдун ысымы ыйгарылган.

Чыгыш философиясынын чоң өкүлдөрүнүн бири Аль-Фарабинин элеси түшүрүлгөн эстелик монеталар 2011-жылы басып чыгарылган.

Түрк мифологиясындагы «көк жал»

Байыркы түрк элдери тарабынан тотем катарында урматталган жаныбар «көк жал», «көк бөрү» же боз карышкыр деп аталат. Бөрү байыркы көк түрктөрдүн тотеми болгонун окумуштуулар белгилейт.

Казакстанда көк жалга арналып чыгарылган монетталар да бар. Көк жалдын элеси 5000, 500, 200 жана 100 тенге номиналындагы эстелик монеталарга түшүрүлгөн.

Белгилей кетчү нерсе, эстелик монеталар жүгүртүү жана төлөө каражаты катары колдонулбайт. Көбүнчө белек жана коллекция үчүн колдонулат.

 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстандын эстелик монеталары,

Жаңылыктар