Казакстандын кооз жайлары: Байыркы Отрар шаары

Казакстандагы байыркы Отрар шаары туристтерди өзүнө тартып турат.

31 Mart 2021 11:59

Отрар – Казакстандын түштүгүндөгү Түрксан шаарынан 57 чакырым алыс жайгашкан. Сырдарыянын ортонку агымындагы б. з. ч. 1-кылым – б. з. 16-кылымдагы шаар. Орхон-Енисей жазмаларында шаардын аты Кеңү-Тарбан деп берилет.

XIII кылымда батыш менен чыгыштын ортосундагы маанилүү соода борборлорунун бири болгон Отрар шаары XVIII кылымда жунгарлар тарабынан талкаланган.

Бул аймактан Абу Наср ал-Фараби ат-Түрки (870–950) жана башка окумуштуулар чыккан. Түрк императору Амир Тимур ушул шаарда көз жумган.

Байыркы шаар сепил, шехристан жана рабат деп аталган 3 ири райондон турган. Байыркы шаардын калдыктары бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Анын аянты 200 гектарды түзөт.

Шаардын борборунда Хан мечитининин калдыктарын кездештирүүгө болот. Окумуштуулардын айтымында Отрар шаары исламдын жайылышында негизги ролду ойногон.

1991-жылы Отрар шаары ачык асман алдындагы археологиялык музейге айландырылып, мамлекеттин коргоосуна алынган.

Отрар мамлекеттик археологиялык жана корук музейинин адиси Нурсейит Амзенин айтымында сепил деп аталган район шаардын борбору болгон. Шехристанда интеллектуалдар, илимпоздор жана байлар жашаган. Ал эми Рабатта усталар жана катардагы жарандар жашашкан.

Казуулардын натыйжасында шаардын баштапкы калыбы чыгарылган. Ошондой эле мечит, медресе, мончо жана коомдук имараттардын калдыктары табылган. Казууларда алтындан жасалган атырдын кутучалары, Иран табагы, шуурулар, шахмат фигуралары жана көптөгөн алтын монеталар табылган.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Отрар, Байыркы шаар,

Жаңылыктар