Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: конституциялык тартип негизинен калыбына келтирилди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын бардык аймактарында конституциялык тартип негизинен калыбына келтирилгенин айтты.

07 Ocak 2022 10:53

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы республиканын бардык аймактарында конституциялык тартип негизинен калыбына келтирилгенин айтты.

Ал арада Казакстандын мамлекеттик телеканалы президент Токаевдин бүгүн коомчулукка кайрылуу жасай турганын билдирди.

Мамлекеттик мекемелерге таандык имараттардын бардыгы көзөмөлгө алынды

Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматыда 3 миң адам кармалганын, мамлекеттик мекемелерге таандык бардык имараттар көзөмөлгө алынганын билдирди.

18 коопсуздук кызматкери каза болуп, 748и жаракат алган

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда окуялар учурунда 18 коопсуздук кызматкери каза болуп, 748и жаракат алган. Министрлик куралдуу кол салууларды “чет өлкөдө атайын машыктыруудан өткөн террористтер ишке ашырганын” билдирди. 

Казакстандагы кырдаал

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланган.

Токаев Казакстандагы абалды "мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу" деп атап, ЖККУга "террордук коркунучту жеңүүгө" жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Күчтөр өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында чектелген мөөнөткө жөнөтүлөт.

 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Токаев,

Жаңылыктар