Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий карама-каршылыктар жок – Садыр Жапаров

26 Mayıs 2022 14:29

 Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кеңири форматтагы жолугушууда билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артты.

«Бул эң башкысы. Биргелешкен күч-аракеттер менен Кыргызстан жана Казакстан эки тараптуу байланыштардын комплексин андан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого ылайык аймактар аралык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылаарын так түшүнүү бар», – деди ал.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Кыргызстан Казакстандын кудай кошкон кошунасы жана союздашы", - деп билдирди.

Токаев ошондой эле кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин айтты.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгы белгиленүүдө жана бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлдү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында  кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

 

Жаңылыктар