Казакстандын Түркстан шаары түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий борборуна айланат

Байыркы Түркстан шаары түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий борбору деп жарыяланат.

26 Mart 2021 14:59

 

Болжол менен 2000 жыл мурда түптөлгөн Түркстан шаары тарыхта Казак хандыгынын борбору болгон. Шаар Борбор Азиядагы диний борборлордун бири болуп, калаада түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Ахмет Ясави жашап  өткөн.

Түркстандын калкынын саны 2 миллиондон ашык.

Түркстан провинциясы Европа менен Азияны байланыштырган Улуу жибек жолунун боюнда жайгашкан. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкандыктан кылымдар бою руханий, саясий жана экономикалык негизги борборлордун бири болгон.

Түркстан түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий борборуна айланат

Шаар 1991-жылы Казакстан эгемендүүлүгүн өз колуна алгандан бери гүлдөп өнүгүүнүн үстүндө болууда. 19-июнь 2018-жылы Казакстан Республикасынын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Түркстанга республикалык маанидеги шаар макамы ыйгарылган. Эми 31-мартта Түркстан шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейрасмий саммити өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Түркстанды Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялаган декларацияга кол коюу пландалууда.

Түркстанда түрк дүйнөсүн бириктирген маанилүү балуулуктар бар

Хожа Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университетинин мугалими, Ясави атындагы изилдөө борборунун президенти Проф. д-р Досай Кенжетай баса белгилегендей Түркстан шаарынын жалпы түрк дүйнөсү үчүн мааниси аябагандай зор. Анткени шаарда бизге ислам динин араб же фарси тилинде эмес, өзүбүздүн эне тилибизде, түрк тилинде түшүндүрүп, тараткан Ахмет Ясавинин күмбөзү жайгкашкан.  Ахмет Ясави жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий табериктеринин бири болуп саналат. Андыктан шаар бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болууга толук татыктуу.

Түркстан шаарын руханий жана маданий туризмдин борборуна айландыруу максатталууда

Облустун губернатору Өмирзак Шүкеев белгилегендей 2018-жылы Түркстан шаары  облус борбору деп жарыяланган. Андан бери бул аймакты өнүктүрүү мүдөөсү ишке ашырылып, шаар бир гана облустун борбору катары эмес, түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий борбору катары улам жаңыланууда. Алдыдагы максаттардын бири Түркстанды руханий жана маданий туризмдин борборуна айландыруу.

Белгилүү болгондой шаардагы Ахмет Ясави жана Арслан Бабанын күмбөздөрү, ошондой эле байыркы Отрар жана Сауран шаарлары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мураст тизмесине кирген.

Акыркы 3 жылда 3,5 миллиард доллар инвестиция салынды

Түркстанга акыркы 3 жылда жалпы суммасы 3,5 миллиард долларды түзгөн чет элдик түз инвестициялар тартылган. Бул туралуу облустун губернаторунун орун басары Мейиркан Мырзагалиев билдирди.

Анын айтымында учурда 100дөн ашуун инвестициялык долбоор активдүү иштеп жатат. Алардын көпчүлүгү Түркиялык фирмаларга таандык. Шаар улам жаңыланып, инфраструктура жана экономика өнүгүүдө.

Мырзагалиев баса белгилегендей Түркстанда Эркин экономикалык аймак түзүлгөн. Ага ылайык инвесторлор жер, мүлк жана бажы салыктарынан бошотулган.

Улуу жибек жолу кайра жанданууда

Түркстанда Улуу жибек жолун кайра жандандыруу аракеттери жүрүп жатат. Алсак 2020-жылдын 1-декабрында Казакстандын Түркстан шаарында Түркстан эл аралык аэропорту ачылган. Түркиялык компания салган аэропорт шаардан 16 чакырым алыс жайгашкан. Ал эми жылына 3 миллион жүргүнчүнү тейлеген Түркстан эл аралык автобекети Казакстан менен Өзбекстанды жана Казакстан менен Кыргызстанды туташтырган манилүү жайга айланды. Бийлик үстүбүздөгү жылда Казакстандын Түркстан шаары менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарын байланыштыра турган темир жол линиясынын курулушун баштоону көздөп жатат.

Түркстандагы жаңы имараттар салттуу мотивдер менен кооздолгон

Болжол менен 22 миң гектар аянтка курулган жаңы Түркстандын башкы планы үч негизги бөлүмдөн турат:

  1. бизнес жана коомдук имараттар,
  2. руханий борбор
  3. турак жайлар жана өнөр жайлар

Шаарда ачык асман алдындагы музей, театр, 5 жылдыздуу мейманканалар орун алган. Түркстандагы жаңы имараттар салттуу мотивдер менен кооздолгон

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Түркстан, түрк дүйнөсү, руханий жана маданий борбор,

Жаңылыктар