Казакстандын Түркстан шаары түрк дүйнөсүнүн руханий борборуна айланды

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммити болуп өттү.Иш-чаранын жыйынтыгында «Түркстан декларациясы» кабыл алынды.

31 Mart 2021 22:15

Бүгүн, 31-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммити болуп өттү.

Бейформал саммитке Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле, байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерге токтолду. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция процессин бекемдөө боюнча бир катар факторлорду белгиледи.

Бейформал саммиттин жүрүшүндө Түрк кеңешинин Баш катчысы Багдад Амреевдин отчету угулду.

Кеңешке мүчө мамлекеттердин лидерлери акыркы жылдардагы жетишкен саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө өзгөчө басым жасашты. Түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты тереңдетүүгө чечкиндүүлүгүн билдиришти.

Саммитте Азербайжандын Карабактагы жеңишине басым жасалды.

Түрк кеңешинин көп кырдуу ишмердүүлүгү, эл аралык аренадагы орду жана кадыр-баркы туралуу сөз болду.

Мамлекет башчылары түрк тилдүү өлкөлөрдүн тарыхый, тилдик жана маданий жалпы байланыштарынын негизинде тыгыз жана көп тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасашты.

Мамлекет башчылары Түрк кеңешинин жетишкендиктерин баса белгилөө менен бирге Түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу жана тереӊдеп бара жаткан мамилелер бир аймактагы гана эмес, дүйнө жүзү боюнча диалогду бекемдээрин белгилешти.

Ошондой эле экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасашты.

Мамлекет башчылары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеӊешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусунун максаттары менен принциптери алкагында Түрк дүйнөсүнүн кызыкчылыктарын коргогон аймактык жана эл аралык маселелер боюнча консультацияларды улантуунун маанилүүлүгүн билдиришти.

Казакстандын Түркстан шаары түрк дүйнөсүнүн руханий борборуна айланды

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейрасмий саммитинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Түркстан Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыяланды. Келечекте ротациялык негизде түрк дүйнөсүндөгү көөнө шарларга кезек-кезеги менен ушундай статус берилиши мүмкүн деп макулдашылды. 

Казакстан Республикасынын туңгуч президенти, Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаевдин Түрк Кеңешинин атын өзгөртүү боюнча демилгесин колдоп, Тышкы иштер министрлерине жана Кеңештин катчылыгына 2021-жылдын күз айында Түркия Республикасында өтүүсү мерчемделген Түрк Кеңешинин 8-Саммитине чейин   тиешелүү документтерди иштеп чыгууну тапшырды.

Түрк кеңешинин 2020-2025-жылдарга карата стратегиясын жана «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» программасын талкуулоо милдети тапшырылды.

Кагылышуудан жапа чеккен региондорду калыбына келтирүү жана интеграциялоо боюнча Азербайжанга тилектештик билдирилди. Армения менен Азербайжан ортосундагы мамилелерди бири-биринин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык деңгээлде кабыл алынган чек аралардын туруктуулугун урматтоонун негизинде нормалдашырууну колдоого алышты.

Белгилүү акын жана мамлекеттик ишмер Алишер Навоинин түрк дүйнөсүнүн адабий, көркөм, социалдык-экономикалык, илимий жана маданий турмушунун өнүгүшүнө чоң салым кошконун эске алып, үстүбүздөгү жылы улуу акындын 580 жылдыгын белгилөө менен Эл аралык Алишер Навои сыйлыгын уюштуруу; Кеңешке мүчө мамлекеттердин тийиштүү мекемелерине, адабият, искусство, илим жана маданиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү акын, философ жана мамлекеттик ишмер Юсуф Баласагындын 1005 жылдыгын, Низами Гянжавинин 880 жылдыгын, Юнус Эмре жана анын түрк тили жылын, Алшер Нафоинин 580 жылдыгын, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгын, Алихан Бөкейхандын 155 жылдыгын, Кусейн Карасаевдин 120 жылдыгын Түрк Кызматташтык Уюмдары менен макулдашып белгилөө милдети тапшырылды.

Билдирүүдө мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаевге саммитти жетектегендиги, ал эми Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Комарт Токаевге саммитти ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Anahtar Kelimeler: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, бейформал саммит,

Жаңылыктар