Казакстандын жаңы премьер-министри Алихан Смаилов болду

Казакстандын мурунку биринчи вице-премьер-министр Алихан Смаилов өлкөнүн жаңы премьер-министри болду

11 Ocak 2022 13:34

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштады. Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин аны депутаттардын баары бир добуштан колдогонун билдирди.

50 жаштагы Алихан Смаилов Казакстандын 12-өкмөт башчысы болду.

Белгилей кетсек ага чейинки өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдого байланыштуу кызматтан алынып,  Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан.

Добуш берүүдөн кийин Алихан Смаилов сөз сүйлөп, президент Касым-Жомарт Токаевге жана эл өкүлдөрүнө ушундай учурда ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Негизги милдетим макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана өлкөдөгү инфляцияны азайтуу. Жарандардын бардык мыйзамдуу кайрылуулары эсепке алынат жана аткарылат»,-деди ал.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Алихан Смаилов, өкмөт башчы,

Жаңылыктар