Хива-Борбор Азиядагы жомоктогудай шаар

Чыгыш жомогунун шаaры аталган байыркы Хива Борбор Азиянын чок ортосунда, Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан.

13 Mayıs 2021 23:37

Тарыхый тамыры терең болгон Хива шаары Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Хорезм аймагынын бермети катары таанымал. Ал бир нече кылым мурда негизделген эски шаарлардын катарын толуктайт. Бир кездерде соодагерлер, кол өнөрчүлөр жана окумуштуулар байырлаган тарыхый  шаардагы эстеликтер бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып калган. Андыктан шаарга келгендер жомоктогудай көрүнүшүкө туш болуп, өзгөчө рахат алып кайтышат.

Шаардын жаралышы кудук окуясынан башталган дешет. Ал кудуктан чыккан суунун дамы бир укмуш болгон деп айтылат.

Илгери өткөн заманда соодагерлер азыркы Хиванын аймагындагы кудуктан суу таап алат. Сууну ичкен адамдар, анын даамы өзгөчө болгондуктан, "хей вах!" деп таң калганын жашырбайт. Ошентип ал аймак «Хейвах» деп аталып калат. Кийинчерээк аты Хива болуп өзгөрөт.

Байыркы шаарга боз жана кызыл түс басымдуулук кылат. Башка шаарларга салыштырмалуу таптакыр башкача маанайда салынган. Уникалдуу архитектурасы  менен өзгөчөлөнөт.

Бул аймакта IX кылымдан тарта астрономия, медицина, математика, химия илимдери өнүгө баштаган. Даңазалуу борбордук азиялык математик, астроном жана географ, классикалык алгебранын негиздөөчүсү Мухаммед ал-Хорезми жана Орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул Абу Райхан ал-Буруни дал ушул аймакта туулуп өскөн.

X кылымда Хива шары Улуу Жибек жолунун соода-сатык борбору болуп турган.

XVII кылымда Хива хандыгынын борборуна айланган.

Тегереги чеп менен курчалган шаарда музейлер көп. Чеберчилик менен тургузулган дарбазалар, мечит-медереселер, узун мунаралар бар.

Чыгыш жомогунун шаары аталган аймака кызыккандардын саны арбын.

Шаар, 2020-жылы ТҮРКСОЙ тарабынан "түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп табылган.

Anahtar Kelimeler: Хива шаары, Өзбекстан, Хорезм аймагынын бермети,

Жаңылыктар