Хиванын асман тиреген мунаралары

Мунаралар - Өзбекстандын жомоктогудай Хива шаарынын символу.

17 Haziran 2022 20:12

Чыгыш жомогунун шаaры аталган байыркы Хива Борбор Азиянын чок ортосунда, Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан.

Шаардагы мунаралар өзгөчө архитектурасы менен өзгчөлөнүп, шаардагы тарыхый имараттардын арасында өзгөчө орунду ээлейт.

Орто Азия-Түрк архитектурасында ар бир мечитте жок дегенде бирден мунара болот деген салттан болгон. Мындан улам шаарда мунаралар өтө көп.

Ичан калаанын чок ортосунда жайгашкан, бийиктиги 44,6 метр келген Исламхожа мунарасы Хиванын эң бийик мунарасы болуп эсептелет.

Анын курулушу 1908-жылы аяктаган.

Мунара, Ичанкале комплексиндеги жаңы эмгектердин бири.

hive-nin-gokyuzune-meydan-okuyan-minareleri

Хивадагы көркөмдүү мунаралардын дагы бири бул- Кальта-Минор (Кыска мунара).

Ал Хива шаарынын символу катары белгилүү.

Бийиктиги 26 метр келген мунара 1855-жылы салынып бүткөн.

Адистер, мунаранын пайдубалдын диаметри 14,2 метр экенин эске алып, мунара адеп салына баштаганда, Борбор Азиядагы эң бийик мунара катары пландалганын, бирок курулушу белгисиз себептерден улам үзгүлтүккө учурап, натыйжада аймактагы эң кыска мунара болуп калганын айтып келишет.

Жаңылыктар