Хорезмдин борбору– Көөнө Үргөнч шаары

Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Түркмөнстан тарыхый жана маданий баалуулуктар бай өлкө.

05 Mayıs 2021 00:47


 

Түркмөнстан тарыхый жана маданий байлыгы менен көз жоосун алган мамлекеттердин катарын толуктайт. Түркмөнстандагы тарыхый шаарлардын бири – Көөнө Үргөнч шаары.

Шаар чалдыбары Түркмөнстандагы Көөнө-Үргөнч кыштагынын жанында, Дашогуз провинциясындагы Жейхун дарыясынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан.

Жазма булактарда  Үргөнч Орто Азиянын эң маанилүү соода-экономикалык борборлорунун бири катары атагы алыска чыккан. Көп жылдар бою илим жана искусствонун борбору болуп турган.

Үргөнч хорезмшахтардын тушунда гүлдөп-өнүккөн. Шаардан Фахреддин эр-Рази, Махмут Замахшари жана башка аалымдар, кол өнөрчүлөр чыккан.

Көөнө Үргөнч шаары бүгүнкү күндө көптөгөн маданий мурастардын мекени. Ушундан улам шаар 2005-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Шаар 1221-жылы моңголдор жапырыгында талкаланган. Шаар тонолуп, андагы имараттар, китепканалар өрттөлгөн. 1224-жылы Жуучу хандын ээлигине өтүп, кайра калыбына келтирилген. 13-кылымдын ортосунан Батый негиздеген Алтын Ордонун курамына кирип, 14-кылымдын ортосунда кайрадан Хорезмдин борбору болуп калган. Кутлуг Тимурдун демилгеси менен бир катар имараттар салынып, кайрадан гүлдөп өнүккөн шаарга айланган.

Үргөнч 17-кылымда өз жашоосун токтоткон. Шаар тургундары башка шаарга көчүп кеткенден улам «Көөнө Үргөнч» деп аталып калган.

Тогуз жолдун тоомунда, Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан шаарда 11-16-кылымдарда күмбөздөр, сепилдер, мунаралар, кербен сарайлар, мечиттер жана башка архитектуралык имараттар тургузулган. Тарыхый архитектуралык эстеликтердин көбү 14-кылымга таандык. Бир нече ирээт талкаланганына карабастан көптөгөн маданий мурастар сакталып калган. Төбөсү он эки кырдуу Фахр-ад-Дин Рази, Нежметтин Күбра, Кутлук Тимур жана Текеш-шахтын күмбөздөрү алардын айрымдары гана.

Борбор Азиядагы түрк архитектурасынын кереметтүү эстеликтерин камтыган бул шаарга бүгүнкү күндө туристтер байма-бай каттап турат.

Anahtar Kelimeler: Көөнө Үргөнч шаары, Түркмөнстан,

Жаңылыктар