30

Хожалы кыргыны-тарыхта калаар кар так. Андан бери 30 жыл өтсө да жүрөккө салган жарасы унутула элек

Азербайжандыктар 1992-жылдын 26-февралында кыргынга учуратылган бейкүнөө жарандарды эскерүүдө.

26 Şubat 2022 11:30

Армения Азербайжандын Хожалы шаарында кыргын ишке ашыргандан бери 30 жыл өтсө да жүрөккө салган жарасы дагы эле айыга элек. Тарых барактарына кара тамгалар менен жазылып калган кыргын эч качан унутулбайт. Кыргын 1992-жылдын 26-февралында Тоолуу Карабак аймагындагы Хожалы конушунда ишке ашкан. Армениянын коопсуздук күчтөрү аял-эркек, кары-жашы дебей бейкүнөө жарандарды кыргынга учураткан.

Кыргынга чейинки окуялар

Хожалы кыргынына чейинки окуялардын тизмеги 1980-жылдардын экинчи жарымында СССРдин ыдыроо процессине кирүүсү менен башталган.

Армения Карабак аймагынын Азербайжанга тиешелүү тоолуу бөлүгүн өзүнө каратып алгысы келген.

Советтер Союзунун бир нече жылдар бою жүргүзгөн саясатынын натыйжасында аймакта армян калкы көпчүлүктү түзгөн.

Чындыгында бул аймак юридикалык жактан да, эл аралык жактан да Азербайжанга таандык болгон.

Тоолуу Карабак аймагындагы армяндар 1988-жылы Азербайжандан чыгып, Арменияга кошулууну каалап, натыйжада чыңалуу күчөгөн. Тоолуу Карабак мажлиси аймактын Арменияга кошулганын жарыялаган. Азербайжан буга жооп ирээтинде Тоолуу Карабак аймагынын автономиялуу статусун жокко чыгарып, өзүнө караткан.

Бул окуялардан кийин Карабах автономиясы көз карандысыздык референдумун өткөрүүнү чечкен. Бирок референдумга азербайжан улутундагылар катыштырылган эмес. Натыйжада “Тоолуу Карабак Республикасы” жарыяланган. Чыңалуу күчөп, Армения менен Азербайжан ортосунда чыр-чытык күчөгөн. Армян күчтөрү орустардын колдоосу менен Тоолуу Карабак аймагын басып алган.

Хожалы кыргыны

Советтер Союзу тарагандан кийин армяндар, Азербайжанга таандык болгон жерлерди талап кыла баштаган. Көп өтпөй чабуулга өтүп, 1991-жылдын аяк ченинде  стратегиялык жактан маанилүү Хожалы шаарын курчоого алып, шаарды басып алуу аракетин көрүшкөн. Ал учурда Хожалы шаарындагы калктын саны 11 365 киши болгон.  Бирок кагылышуулардын кесепетинен аймактагы элдин саны 3000ге чейин кыскарган. Аймактагы жалгыз аэропорт Хожалыда болгондуктан шаар стратегиялык ири мааниге ээ болгон.

Бир канча айга созулган чабуулдан кийин 1992-жылдын 25-февралында армяндар, Советтер Союзунун 366-мотоаткычтар полкунун жардамы менен кол салууга өткөн.

Армяндар, шаарды басып алып гана тим болбостон бейкүнөө жарандарды топ-тобу менен өлтүрө башташкан. Туткунга түшүргөн жарандарды кыйнап, XX кылымдагы кандуу кыргында ишке ашырышкан.  

Бул түнү 613 бейкүнөө адам өлтүрүлгөн. Алардын 63ү жаш балдар, 106сы аял, 70и карылар болгон. Кыргында 487 киши оор жаракат алган. Оор жаракат алгандардын 76сы жаш балдар болгон. 1275 киши туткунга түшкөн. Дайынсыз жогологон 150 кишинин тагдыры азыркыга чейин белгисиз.

Аяз Мутталибовдун отставкасы

Адамзат тарыхындагы эң ырайымсыз кыргындардын бири катары тарыхта калган Хожалы кыргынынан кийин Азербайжандын президенти Аяз Мутталибов кызматтан кеткен.

Азербайжан парламенти Хожалыда болгон окуяны "геноцид" деп жарыялаган.

Адам укуктары боюнча Европа Соту  2010-жылдын 22-апрелинде, Хожалыдагы окуяларды «согуш кылмышы» же «адамзатка каршы кылмыш» катары баалаган.

Бүгүнкү күнгө чейин, 15 мамлекеттин парламенттери жана АКШнын 16 штатынын парламенти Хожалыдагы окуяны айыптап, аны «геноцид» деп эсептеген резолюцияларды кабыл алышкан.

 

Anahtar Kelimeler: Хожалы кыргыны,

Жаңылыктар