Киев, Мариуполь, Харьков жана Сумиде убактылуу ок атышпоо жарыяланды

Орусия Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынан жарандарды эвакуациялоо үчүн Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн тарта убактылуу ок атышпоо жарыялаганын билдирди.

07 Mart 2022 10:41

Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларында убактылуу ок атышпоо жарыяланды. Бул туралуу Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Украинадагы Ведомстволор аралык гуманитардык  координациялык борбор билдирди.

Жазуу түрүндөгү билдирүүгө караганда учурда Киев, Мариуполь, Харьков жана Сумиде гуманитардык абалдын өтө начар болуп турат.

"Орус армиясы Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынан жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн Москва убактысы боюнча саат 10:00гө карата убактылуу ок атышпоо жарыялады",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын президенти Владимир Путинден гуманитардык коридорлорду ачууну талап кылган. 

Маалыматка караганда гуманитардык коридорлорду учкучсуз учуучу аппараттар коштойт. Орусия бул жаатта  Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Кызыл Кресттин тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтандырган.

Билдирүүдө, "Украинадан көрсөтүлгөн багыттар боюнча гуманитардык коридорлорду түзүү үчүн бардык шарттарды аткарууну, жайкын тургундардын жана чет элдиктердин уюшкан түрдө чыгып кетишин камсыз кылууну талап кылабыз",-деп жазылат.

Anahtar Kelimeler: Украина, , Киев, Мариуполь, Харьков, Суми,

Жаңылыктар