31 Temmuz 2021 22:37
Украинанын борбору Киев шаарында «Крым хандыгынын данктуу кылымы» аталыштагы маданий иш-чара болуп өттү.
Иш-чара алкагында Киевдиктерге крым татарларынын ортоңку кылымдагы маданияты таанытылды.
Катышуучуларга алгач крым татарларынын улуттук тамак-аштары жана ичимдиктери тартууланды. Андан соң тарыхчы Гүлнар Абдуллаева крым татарларынын этногенези жана Крым Хандыгы туралуу баяндама жасады.
Иш-чара ыр-бийлер менен коштолду.
Белгилүү дизайнер Элмира Катаки жана Ление Ибрагимованын колунан жаралган салттуу кийимдердин көргөзмөсү өттү.
Anahtar Kelimeler: крым татарларынын маданияты, Киев,