5

Киевди коргоо: Согуштун 5-күнү

Орусиянын Украинага куралдуу басып кирүүсүнөн бери 5 күн өттү. Украинда жүздөгөн адам курман болду.  16cы бейкүнөө балдар экени маалымдалды.

28 Şubat 2022 13:21

Орусиянын Украинага куралдуу басып кирүүсүнөн бери 5 күн өттү. Украинда курмандыктардын саны 352ге жетти. Алардын 16сы бейкүнөө балдар экени маалымдалды. Дагы 1684 жаран ар кандай жаракаттарды алышты. Жарадар болгондордун 116сы балдар.

Ал арада Москва, биринчи жолу орус аскерлеринин арасында жоготуу бар экенин мойнуна алды. Бирок курман болгон жоокерлердин так санын атаган жок.

Украинанын Башкы штабы Киевге жакын шаарды басып алууга аракет кылган орус аскерлерине бөгөт коюлганын маалымдады. «Орус аскерлери аскердик жана жарандык аэропортторго, башкаруу борборлоруна, абадан коргонуу системасынын объекттерине, маанилүү инфраструктуралык объектилерге жана калктуу конуштарга чабуул жасоодо» деп айтылат билдирүүдө. 

Украин армиясы ошондой эле Киевдин түштүк-батышындагы аскердик аба базасында Орусиянын чабуулдарына туруштук берип, Киевдин чыгышындагы Прилукиде орус колоннасына сокку урду.

Ал арада Орусиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Киев жөнөткөн расмий делегация Украина менен Беларустун чек арасына барды.

Сүйлөшүүдө негизинен ок атышууну дароо токтотуу жана орус аскерлеринин Украинанын аймагынан чыгарып кетүү маселеси каралмакчы.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр орус күчтөрүнүн акыркы 4 күндөгү жоготуулары тууралуу маалымат менен бөлүштү. Ага ылайык орус күчтөрү 5 миң 300гө жакын аскерин, 29 учак, 29 тик учак, 191 танк, 816 брондолгон унаа, 74 артиллерия жана 2 кемесин жоготууга учураткан.

Anahtar Kelimeler: Украина,

Жаңылыктар