Комуз – түрк тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыз элинин кылдуу чертме музыкалык аспабы

Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. 

19 Haziran 2021 01:05

 

Түрк элдеринде улуттук тартма кылдуу, чертме жана какма аспаптарынын комуз, кобус (хобус), комыс, кобуз (хомуз), кумуз деп аталышы комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт.

Комузду чертме аспаптардын атасы деп аташат.

Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдөөгө эмгектерин арнап келишкен. “Комуз” музыкалык аспабы жөнүндө кеңири маалымат 11-кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет. Анда Махмут Кашгари “Кобуз-бул дутарга окшош, чертме музыкалык аспап” - деп жазган.

Түрк тилдүү элдерде комузду Коркут Ата ойлоп тапкан деген ишеним бар. Коркут Ата дастанында комуз менен жамак айткан ырчылар көп кездешет.

Комуздун жасалашы

Комуз өрүк, жаңгак, арча дагы бир катар жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталат.

Комуздун түзүлүшү

Комуз баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепке, үч кулак, үч кылдан турат. Аспаптын жалпы узундугу болжол менен 90 сантиметрдей, туурасынын эң жазы жери 19,5 - 22,5 сантиметрге жетет.

Өрүктөн чабылган комуз нарктуу деп эсептелет.

Комуз күнү

Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күнгө келип жетти. кылымдарды карыткан комуздун улуулугун сыйлап,  Кыргызстанда 9-сентябрь “Комуз күнү” катары белгиленет. Комуз  күнү «коомду консолидациялоо жана элдин биримдигин бекемдөө», андан тышкары, «этностук коомчулуктардын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү» үчүн киргизилген.

Anahtar Kelimeler: Комуз, түрк тилдүү элдер, Кыргыз эли, руханий маданият,

Жаңылыктар