Кония шаарында Казакстан Республикасынын ардактуу консулдугу ачылды

Түркиянын Кония шаарында Казакстан Республикасынын ардактуу консулдугу ачылды.

15 Mart 2022 17:06

Иш-чарага катышкан Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Абзал Сапарбекулы жаңы ачылган консулдук эки өлкөгө тең пайдалуу болушун каалады.

Ал Түркия менен Казакстан ортосундагы мамиле күн санап өнүгүп жатканын баса белгилөө менен бирге Кония шаары Казакстан үчүн маанилүү экендигин билдирди. Анын айтымында учурда Кония шаарында 100го жакын Казакстандык студент билим алууда.

Ал эми Казакстан Республикасынын Кония шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Кабакчы жаңы ачылган консулдук түрк дүйнөсү үчүн кызмат кылаарын айтты.

Жаңылыктар