2021

Коопсуздук-2021. Баткенде аскердик машыгуу башталды

Кыргызстандын Баткен облусунда «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу башталды.

01 Nisan 2021 19:02

Кыргызстандын Баткен облусунда бүгүн, 1-апрелде «Коопсуздук-2021» биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. 

Машыгуунун максаты – мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аскердик жана өзгөчө абал шартында милдеттерди аткаруусуна даярдыкка келтирүү.

Машыгуунун башталыш аземинде сүйлөп жатып коргоо министри Таалайбек Өмүралиев азыр дүйнөдө эл аралык терроризм жана экстремизм негизги коркунуч экенин белгилеп, "Биз Кыргызстандын жарандарынын жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек" деп айтты.

«Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна 2 миңге жакын адамдар, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, артиллериялык системалар, авиациялык техникалар тартылды.

Бүгүн Баткен шаары жана районунда коменданттык саат киргизилди.

Машыгууга аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер,УКМК, ӨКМ, милиция жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышууда.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, аскердик машыгуу,

Жаңылыктар