Кооздугу менен тамшандырган Түркиянын Шырнак аймагы

Шырнак аймагы жаратылышынын кооздугу менен меймандарга өзгөчө маанай тартуулайт

20 Mayıs 2022 14:31

Шырнак аймагында Финик урандылары жана сепили, Тозок дарыясы, Улуу мечит, Кызыл медресе, Нух пайгамбар, Мем-у Зин жана Исмаил Эбул-Издин күмбөздөрү, Жизре сепили ж.б. тарыхый-маданий баалуулуктар жайгашкан.

Тарыхый жана маданий баалуулуктары менен меймандарды өзүнө тартып турган шаарда туризмди жандандыруу аракеттери көрүлүүдө. Алсак «туруктуу туризмди диверсификациялоо: маданият жана туризм маршруттары» долбоору ишке ашырылып, анын алкагында шаар ичиндеги 10  аймак туризм маршрутуна киргизилди. Анын алкагында шаарга келген меймандар, Идил жана Гүчлүконак райондорунун ортосунда жайгашкан Тозок Крик аймагын, бөксө тоолорду, дарыяларды, термалдык булактарды жана өрөөндөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Жаңылыктар