Кооздугу менен өзгөчөлөнгөн «Буйратау» улуттук паркы

Казакстандагы «Буйратау» улуттук паркы табигый кооздугу менен туристтерди өзүнө тартат.

05 Mayıs 2021 15:27

«Буйратау» улуттук табигый паркы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынан 135 чакырым алыс ​​жайгашкан. Мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак. Аянты 89 миң гектар.

Парк шамаалду жана кургак аймакта жайгашып, уникалдуу аскалары менен айырмаланып турат. Аскаларын жырткыч куштар, шумкарлар байырлайт. «Жоо чоку»  (450 м) деп аталган аска альпинисттерди жана туристтерди өзүнө тартып турат.

Паркта коло жана сак доорунан калган байыркы көрүстөндөрдү кездештирүүгө болот. Ошондой эле ачык асман алдындагы музей бар. Анда балбал таштар көргөзмөгө коюлган.

«Буйратау» улуттук табигый паркында аркар, марал, карышкыр, түлкү, тоо чычкан ж.б. жапайы жаныбарлардын түрлөрү жана куштардын 160 түрү жашайт.

"Буйратау" улуттук паркы өсүмдүктөргө бай. Флористтик курамында шыпаалуу өсүмдүктөрдүн 450дөн ашык түрү бар.

Улуттук парк күнү-түнү менен атайын топтун кайтаруусунда турат. Паркта талаа жыландары жана жапайы жаныбарлар көп кездешкендиктен туристтерге атайын гид сунушталат.

Anahtar Kelimeler: «Буйратау» улуттук табигый паркы,

Жаңылыктар