Кооздугу менен өзгөчөлөнгөн Ташкент метросу

Метронун ар бир бекети суктанаарлык

14 Ağustos 2021 23:28

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң эле биринчи болуп Өзбекстанда метро салына баштаган. Ордо калаа Ташкент шаарында туннелди казуу 1971-жылы башталган. Метро 1977-жылы ишке берилген.

Ташкент метросу дүйнөгө кооз бекеттери менен таанымал.  Аны «жер алдындагы архитектуралык кооздук» деп атасак болот.

Метронун ар бир бекети өзүнчө искуство. Ар бир бекетке өз алдынча ысым ыйгарылып, ошого жараша кооздолуп, жасалгаланган. Көпчүлүк бекеттери маанилүү инсандардын (өзбек акыны Алишер Навои, Улуу Тимурийлер Империясынын негиздөөчүсү Амир Темир, өзбек акыны Айбек ж.б.) атынан аталат.

Anahtar Kelimeler: Ташкент метросу, Өзбекстан,

Жаңылыктар