t

«Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалынын алкагында кыргыз кинематографиясынын 80 жылдыгы белгиленди

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан «Бейоглу маданият жолу» фестивалы алкагында «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы өтүүдө.

11 Kasım 2021 14:09

Стамбул шаарында алгач ирет уюштурулган «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» фестивалы Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен өтүүдө. Анын алкагында Стамбул кино музейинде кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан  катышып, түрк тилдүү мамлекеттердин киноиндустрия тармагына токтолду.

«Түркиянын кино тармагы дүйнөдө абдан жакшы чекке жетти. Өзгөчө көп бөлүмдүү тасмалар бир топ ийгиликтерди багындырып, 152 өлкөдө көрсөтүлүүдө. Кыргызстандын тасмалары да эң жогорку деңгээлде экенин угуп жатабыз. Ушундай эле көрүнүш Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжанда байкалат. Киноиндустрияда тажрыйба жана технологиябызды айкалыштырып, тажрыйба алмашууга убакыт келди деп ойлойм. Ошондо гана дүйнөгө орток айта турган сөзүбүз болот»,- деди ал.

Ал эми Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова «Коркут Ата - түрк дүйнөсү» кинофестивалы өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда маданият жана кино тармагындагы карым-катнаштарды өнүктүрүүгө ылайыктуу шарттар түзүлө баштаганын айтты.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Дүсен Касеинов Чыңгыз Айтматовдун кыргыз киносуна кошкон опол тоодой салымына токтолду.

Айтмотов демекчи «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлүүдө. «Кызыл алма», «Эрте келген турналар», «Ак кеме», «Саякбай» сыяктуу кыргыз кинолору көрүүчүлөргө сунушталууда. Ал эми режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдер номинациясында ат салышууда.

Фестивалга үй ээси Түркиядын сырткары Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Венгрия, Саха Республикасы, Татарстан, Гагаузия, Иран, Украина жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан 42 тасма катышып жатат. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттерден кинемотаграфия тармагындагы белгилүү инсандар келген.

Anahtar Kelimeler: Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» фестивалы, кыргыз киносунун 80 жылдыгы,

Жаңылыктар