Коронавирус: Өзбекстанда Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт

Өзбекстанда пандемияга байланыштуу Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт.

17 Mart 2021 15:25

Коронавирустун алдын алуу иштерине байланыштуу Өзбекстанда Ноорузга арналган массалык маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгында өткөн Коронавируска каршы комиссиянын жыйынынан кийин маалымдалды.

Нооруз майрамы Өзбекстанда өткөн жылы да мамлекеттик деңгээлде белгиленген эмес. Ошентип аталган майрам 1991-жылдан бери 2-ирээт массалык деңгээлде белгиленбей турган болду.  

Коронавируска каршы комиссия Нооруз майрамын айылдарда аз сандагы жарандын катышуусунда белгилөөгө уруксаат берди. Бирок ар бир жаран саламаттыгын коргоо үчүн тийиштүү эрежелерди сакташы керек.

Коронавируска каршы күрөш боюнча комиссиянын маалыматына караганда Өзбекстанда илдетти жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйө баштады.

Өлкө аймагында пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 80 858 адамга жетти.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 622 кишини түздү.

Anahtar Kelimeler: Өзбекстан, Коронавирус, Нооруз,

Жаңылыктар